Казань шаарындагы өрт кырсыгынан каза тапкандардын арасында кыргыз жараны дагы бар

Казань шаарында кечээ, 11-мартта "Адмирал" деген аталыштагы, жалпы аянты 4 миң чарчы метр соода борбору толугу менен күйүп кетти. Өрттүн кесепетинен 4 жаран каза тапты, анын бири 28 жаштагы кыргыз айым экени айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт соода борборундагы кафеден чыккан. Өрт башталган учурда соода борборунда 200дөн ашуун адам болгон. Натыйжада 29 адам жабыркап, алардын ичинен 15 адам ооруканага жеткирилген. Учурда алардын көбүнүн абалы оор деп бааланууда. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгү аталган соода борборунда иштегендер экени аныкталды.

Өрттү өчүрүүгө 30дан ашуун өрт өчүрүүчү бөлүм, 70тен ашуун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тартылганы маалым болду. Учурда ураган соода борборунун алдында адамдар бар болушу мүмкүн деп, аларды издөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Boldukan86
2015-03-12 10:48:38
Кудай сактасын откондордун жайлары жаннаттан болсун. Кыргыз айымга жалко ботон жерде кутуусуз коз жумганы.
+1
kamal777
2015-03-12 10:48:54
Байкуш кыргыздар баардык жерде кырылып бутмой болдуго.
+1
kadamjai90
2015-03-12 12:05:27
Жаман болуптурго. Жаткан жери жайлуу болсун
+1
baba.
2015-03-12 12:57:01
Олгонда,олтургонда,уурдаганда,ойногонда,алдаганда, урганда,талап тоногонда,Кыргыз.Кайда баратабыз????
+1
ota.88
2015-03-15 23:35:15
Эх кыргызым кыргызым жашоо шартыбызды ондойбуз деп эмнелер гана болуп атат. Кудайым ушундай бодо кырсыктан сактасынчы айланайын алтындарым жашоо онолот ишенип койгула. Тиги кыргыз кызга журогум ооруп жатат жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун, жакындарына кайрат кылыныздар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан