Турсунбай Бакир уулу банк жетекчилерин тозоктон коркууга чакырды

Депутат Турсунбай Бакир уулу 12-марттагы парламент жыйынында дыйкандарга жогорку пайыз менен насыя берген банктарды жана микрокредиттик уюмдарды ынсап кылууга чакырды. "Ислам өнүктүрүү банкы кыргыз мамлекетиндеги дыйкандарга насыя берүү максатында ири өлчөмдө акча бөлгөн. Насыялар коммерциялык банктар аркылуу 14 пайыз менен берилип жатат. Мындай пайыз дыйкандарга оор болууда. Ушинтип элди алдаган банкирлер кыяматта жооп беришет, алар тиги дүйнөдө акыл-эсинен ажыраган абалда ойгонушат",- деди депутат.
Бакир уулу дарыларды арзандатуу боюнча өкмөт эч кандай чара көрбөй жатканын кошумчалап, буга чара көрүү керектигин айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан