"Мектептерди сапатсыз курган уюмдар катуу жазага тартылганда гана тартип орнотулат",- деп билдирди 12-мартта парламент жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков. Нарын облусунун Ак-Жар айылында курулган мектеп 2007-жылы ишке берилип, бирок тез эле жараксыз абалга келгенин айтат спикер. "Курулушка бюджеттен миллиондогон сомдор бөлүнгөн. 10 жылга жетпей имарат оор абалга келди. Окууга мүмкүн болбой калды. Мындай абалга келген мектептердин саны өлкө боюнча 10 чакты. Неге мындай кылмыштар болуп жатат? Анткени күнөөлүүлөр оңой кутулуп кетишүүдө",- деди төрага.