Парламенттин 12-марттагы жыйынында бир катар депутаттар дарылардын кымбаттыгы тууралуу маселе көтөрүштү. Депутат
Туратбек Мадылбеков дарылардын сапатын көзөмөлгө алуу зарылдыгын айтат.
"Дарыканага барсаң бир дарынын 5 түрү бар. Бири Дубайда жасалса, экинчиси Египетте, башкасы Словакияда. Дарыканадан дарылардын айрымдары оригинал, башкалары андай эмес экенин айтышат. Кайсынысын колдонушубуз керек? Медицина тармагында баш аламандык токтобой жатат",- дейт депутат. Депутат Турсунбай Бакир уулу: "Азыр сом менен рублдун курсу бирдей болуп калды. Эмне үчүн Орусияда 2 миң сом турган дары кыргыз мамлекетине келгенде 6 миң сом болуп кетүүдө? Өткөндө спикер бул жаатта чаралар көрүлө турганын айтты эле, кана?"- деди.