Кыргыз мамлекетинин Түштүк Кореядагы жана Вьетнамдагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов 11-мартта Ханой шаарынын жана Вьетнамдын Соода жана өндүрүш министрлигинин жетекчилиги менен жолугушту. Анда кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин 2014-жылдын февраль айында Вьетнамга жасаган иш сапарында түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү жүрдү.
Бишкек жана Ханой шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, эки шаардын мэрлеринин иш сапарларын уюштуруу маселеси талкууланды.
ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, Вьетнамдын соода жана өндүрүш министринин кыргыз мамлекетине болчу иш сапарын уюштуруу тууралуу сөз болду.