Ысык-Көл. Облуста калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясына арналган кеңешме болду

12-февралда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө 2012-2014-жылдары КРнын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясынын ишке ашуусун талкуулаган облустук кеңешме өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын өкүлү Назира Муканбетова маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул кеңешмеге КРнын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Күйкеев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Роза Кайыкова, райондук администрация башчыларынын орун басарлары, шаарлардын вице-мэрлери, социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрү жана башка тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышты. Анда аталган стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматтар угулуп, жетишкендик менен кемчиликтер, негизги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан