Митингчилер "Ата Мекен" революцияга кол салдырбайт" деген чакырыктарды айтышууда

Бүгүн митингге чыккан эл “Ак ийилет, бирок сынбайт”, “ Ата Мекен" революцияга кол салдырбайт”, “Элибизге ишенебиз”, “Биздин саясат - ЧЫНДЫК”, “Ата Мекен" чындыкты коргойт”, “Ата Мекен! Чындык! Адилеттүүлүк!” деген ураандар жазылган плакаттарды алып чыгышты.

Митингдин катышуучулары парламенттин талап-тоноочулук маселеси боюнча комиссиянын жыйынтыгын кароону токтотуусун, ИИМ менен Башкы прокуратуранын жыйынтыгын таануусун талап кылышууда. Алардын айтымында, эки ведомство "депутаттар - Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Райкан Төлөгөнов менен Туратбек Мадылбеков Апрель окуясында Бакиевдердин мүлкүн талап-тоноого катышкан эмес" деп чечим чыгарышкан. "Бул талаш-тартыш менен Апрель революциясынын идеологиясы жокко чыгарылууда",- дешет митингдин катышуучулары.    

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан