Жогорку Кеңештин депутаты
Ыргал Кадыралиева өзүнүн айлыгы 500 доллар экенин маалымдады. Парламенттин 12-марттагы жыйынында аскер кызматкерлерине кызматтык үйлөрүн менчиктештирүүгө уруксат бере турган мыйзам долбоору каралып жатканда депутат
Исмаил Исаков долбоор чийки экенин, демилгени колдобой турганын билдирди. Мындан кийин депутат Кадыралиева Исмаил Исаковго кайрылып буларды айтты:
"Сиз аскер тармагынан чыккан генералсыз, аскерлердин турмушун абдан жакшы билесиз. Башкасы каршы чыкса да, демилгеге сизди каршы чыгат деп күтпөдүм эле. Сизде аскердик чиндер бар, депутат катары менден бир кыйла көп маяна аласыз. Менин айлыгым 500 доллар, азыркы курс боюнча. "Өзүңдүн аскериңди баккың келбесе, анда башкалардын аскерин багууга аргасыз болосуң" деген жакшы сөз бар. Бирок аларды автоматтын учун жонуңа такатып алып багасың".
Спикер Асылбек Жээнбеков айтылган сынды туура кабыл алуу керектигин айтып, Кадыралиеваны мыйзамды толуктап иштеп чыгууга чакырды.