Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева менен депутат Айнуру Алтыбаева 11-марттан тартып АКШнын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 59-сессиясынын ишине катышууда.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чара жүрүшүндө депутаттар балдарга карата зомбулук маселелери жаатындагы кыргыз өлкөсүнүн турмушундагы маанилүү маселелерди көтөрүшөт, ошондой эле башка өлкө өкүлдөрү менен гендердик басмырлоолор менен миграциялык көйгөйлөр боюнча өз ара тажрыйба бөлүшмөкчү.
Андан сырткары алар Жогорку Кеңештин Аялдар форумунун алкагында иштелип чыккан кабыл алынган бардык чечимдердин деңгээлинде аялдардын укугун алга жылдырууга багытталган мыйзам долбоорлору тууралуу маалымат беришет.