К.Исаев: "Бакиевди кетирүүгө салым кошкон 5 адам бар болсо, анын бири Текебаев"
"Депутат Канат Исаев "Ата Мекенди" мародёр дегенге мен таң калам. Калыс катары айтайын, Бакиевди кетирүүгө салым кошкон 5 адам болсо, алардын бири Өмүрбек Чиркешович Текебаев. Бакиевдин бийлигин кулаткан адам кайра кантип талап-тоноочулукка бармак эле?"- деди Исаев. Айта кетсек, бүгүн борбордогу аянтта "Ата Мекен" партиясынын тынчтык митинги өтүп жатат.