Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунда лифттен кулап каза тапкандардын аты-жөнү такталды. Каза тапкандардын бири 1979-жылы Түп районунда туулган Кубаныч Эстебесов жана экинчиси 1980-жылы Сузак районунда туулган Алтынбек Алиев болгон. Окуя боюнча соода борборунун жетекчилиги комментарий берүүдөн баш тартууда.
Алдын ала маалымат боюнча, каза тапкандар “Айчүрөк” соода борборундагы лифтти оңдоп жатышып 6-кабаттан кулап кетишкен. Бул тууралуу маалымат курткаруучуларга саат 09:52 чамасында келип түшкөн.