Бишкекте “Айчүрөк” соода борборунда 2 жарандын 6-кабаттан кулап каза тапканы боюнча соода борборунун жетекчилиги да суракка алынат. Алдын ала маалыматтар боюнча, каза тапкандар курулуш ишканасынын жумушчулары болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди. Анын айтымында, бул окуя боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштеринин алкагында соода борборунун жетекчилиги да суракка алынат.
Кошумчалай кетсек, Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунда лифттен кулап каза тапкандардын аты-жөнү такталган. Каза тапкандардын бири 1979-жылы Түп районунда туулган Кубаныч Эстебесов жана экинчиси 1980-жылы Сузак районунда туулган Алтынбек Алиев болгон. Окуя боюнча соода борборунун жетекчилиги комментарий берүүдөн баш тарткан.