Нарын шаарында “Евразия”уюмунун акысыз билим берүү борборунун экинчи бөлүмүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага “Евразия” уюмунун Координациялык кеңешинин төрайымы Алёна Аршинова атайын келип, жаңы борбордун ачылышы менен куттуктады. Ал Нарын шаарында дагы бир билим берүү борбору ишке кирип жатканына кубанычта экенин белгиледи.
Ачылыш аземинде кызыл лента кесилип, борбор расмий түрдө ишин баштады. Андан соң Алёна Аршинова жана иш-чарага келген коноктор борбордун ичин кыдырып, анын ишмердүүлүгү жана түзүлгөн шарттары менен таанышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө борбордо билим алып жаткан кичинекей катышуучулар да өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен уланды. Сахнада белгилүү ырчылар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Алардын арасында Орусиянын белгилүү ырчысы Пелагея жана Кыргызстандын ырчысы Сезим Коргонбаева да бар. Ошондой эле концерттик программага башка ырчылар катышып, көрүүчүлөргө ыр-күү тартуулашты.