Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-мартта орусиялык "РусГидро" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Евгений Додду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Евгений Дод Жогорку Нарын ГЭС каскадынын негизги энергетикалык объектилеринин курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Мамлекет башчы өлкөнүн энергетикалык системин өнүктүрүү жана чыңдоо, анын электр энергиясын иштеп чыгуучу кубаттуулугун арттыруу үчүн бул энергетикалык ири долбоорду сапаттуу ишке ашыруунун мааниси зор экенин билдирди.
Алмазбек Атамбаев пландаштырылган жумуштарды курулуштун бекитилген иш графигине ылайык, мындан ары да өз убагында жана сапаттуу аткаруу керектигин белгиледи.