Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 6 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 52-чакырымында болгон. Анда
жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшкөн. Натыйжада кичи автобустун 6 жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.