Болот Шер жана башка депутаттар чогулган элге келип кошулду
Борбордогу "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан митингге депутат Болот Шер жана анын кесиптештери Асия Сасыкбаева, Наталья Никитенко, Гүласал Садырбаевалар келишти. Эске сала кетсек, бүгүн, 13-февралда "Ата Мекен" партиясынын тарапташтары 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноо фактысы боюнча партия лидерлерине коюлуп жаткан күнөөнү жокко чыгаруу талабы менен тынчтык митингине чыгышкан.