"Гүлжамал Кебекчиеванын жалгыз кызы күйөөсүнүн зомбулугунан улам өз жанын кыйган. Окуядан кийин Г.Кебекчиева соттук териштирүүлөрдүн аягына чыкпай жатканына нааразы болуп Аламүдүн райондук сотунун эшигин талкалап салган. Буга байланыштуу ага кылмыш иши козголгон. Кызынан айрылган эне күйөө баласы камалып кеткенден кийин кызынын балдарын багып алууга аракет кылып жатканын, аларды колуна алууга жардам берүүнү суранууда",- деп билдирет 13-мартта парламенттин басма сөз кызматы.
Бардык жагдай мыйзам чегинде чечилиши керектигин айткан вице-спикер алгач Кебекчиеванын өзүнө ачылган кылмыш иши аягына чыккандан кийин гана неберелерин алуу жол-жобосу караларын билдирди.