Депутат кыргыз жериндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ченемдик базасы барган сайын даана байкала баштаганын белгиледи. “Бул мезгилде өлкөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтун калыптандыруу жана андан ары өнүктүрүү жаатында мыйзам чыгаруучулар тарабынан көп аракет жумшалды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыйла күчтүү жана такшалган адистик курамга ээ өнөктөш. Буга карабай жаңыдан шайланган акимдер менен ЖӨБ органдарынын жетекчилерин кайра даярдыктан өткөрүп туруу зарыл”,- дейт Никитенко.