Жогорку Кеңеш 18-мартта парламенттик шайлоо тартибин өзгөртүү демилгесин экинчи окууда карайт

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши парламенттин 18-19-мартындагы жыйындарынын күн тартибин бекитти.

18-мартта Жогорку Кеңеш "Курал жөнүндө", "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө", "КРнын мамлекеттик протоколу жөнүндө" сындуу мыйзамдарга, КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү маселесин карайт. Депутаттар "КРнын жарандык-атуулдук тарбия жөнүндө", "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери тууралуу" мыйзам долбоорлорун талкуулайт. Андан сырткары, "КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга түзөтүү киргизүү демилгесин да талкуулашмакчы.

19-мартта "Банкрот жөнүндө", "Авариялык-куткаруучу кызматтар жана куткаруучулардын статусу жөнүндө", "Электр энергетикасы тууралуу" мыйзамдарга, КРнын Салык кодексине түзөтүү киргизүү сунушун кароо пландалууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан