Түп районунун акими: "Кампага 17 тонна картошканын үрөнү алынып келинди"

Ысык-Көл облусунун Түп району күздүк буудайдын үрөнү менен 100 пайыз камсыз болгон. Бул тууралуу аталган облустагы өкмөт өкүлүнүн басма сөз кызматы 13-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, өкмөт тарабынан бөлүнгөн 67 тонна күздүк буудайлардын үрөндөрүнүн баасы 21- 30 сом болгон. "Дыйкандар тарабынан 30 тонна 320 килограмм үрөнгө арыз түшүп, сатылып алынган. Ал эми картошканын үрөнү Түп районунун тургундарында жетишерлик. Талапка ылайык, сортун жакшыртуу үчүн 500 тонна сапаттуу үрөн алынып келсе жакшы болмок. Учурда 17 тонна картошканын “Элита” үрөнү алынып келип, кампага түшүрүлдү",- деди жергиликтүү кеңештердин жыйынында аталган райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы Ишен Кожалиев

Айта кетсек, жыйынга өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Каптагаев, айылдык кеңештин депутаттары, айыл аймак башчылары жана жетекчилер катышышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан