А.Сасыкбаева: "Эгер бизге байлык керек болсо, биз Бакиевдин колтугуна кирип жүрө бербейт белек"
Борбордук аянтта өтүп жаткан митингде депутат Асия Сасыкбаева: "Ата мекенчилерди" күнөөлөө-бул убактылуу өкмөттү, революционерлерди күнөөлөгөнгө барабар экенин айтты. "НТС телеканалы күнүнө бир эле жактуу "Ата Журт" менен "Республиканын" айтканын чагылдырууда. Эгер бизге байлык керек болсо, биз Бакиевдин колтугуна кирип жүрө бербейт белек. Бул айыптоолор туура эмес",- деди эл өкүлү.