Бүгүн, 13-мартта премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Мамлекеттик бийлик бутактарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын биригүүсү жана натыйжалуу өз ара аракети: ресурстар, натыйжалуулук, ишеним” деген темада өткөн эл аралык жыйынга катышты.
Премьер-министр өкмөттүн ишиндеги башкы багыт калктын ишенимин жогорулатуу экенин белгиледи. "Биз ага карапайым жарандар менен тыгыз байланыш түзүү аркылуу жетише алабыз. Өкмөт бийликти борбордон ажыратууга умтулууда, анткени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары күн сайын жарандар менен тыгыз байланышта болууга аракеттенишет. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын күчтөндүрүү өкмөттүн келечектүү багыттарына кирет",- деди премьер.