Текебаев мурдагынын күүсү менен бийликтин бир колго топтолуп калган учурлар дагы бар экенин белгиледи. "Биздин алдыбызда жаңы саясий маданиятты, жаңы жарандарды, жаңы системди калыптандыруу милдети турат. Ал үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен, башкаруунун жаңы усулдарын колдонуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын күчтөндүрүү зарыл",- дейт депутат.