Шайлообек Дүйшеев туура эмес котормолор кыргыз тилин жардылантып жатканын айтты

Ыгы жок котормолордун айынан кыргыз тилинин казынасы байыбай, тескерисинче, жардыланып жатат. Муну 13-мартта "Парламент" радиосунун түз эфиринде Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев билдирди. Акын жалпы журтту кыргыз тилинин кадырын кетирбөөгө чакырды. Жарандардын суроолоруна жооп берип жатып "ааламга жол айылдан башталат" деп бекеринен айтылбаса керек деген Дүйшеев: "Айылдын тарбиясын алып өскөн балдар дээринен чыйрак келип, турмуштун чиеленген түйүнүн чечүүдө терең ой жүгүртүп, орунсуз иш жасабайт. Түйшүгү түгөнгүс айыл турмушу - тарбиянын татыктуу мектеби",- деп билдирди. 

Акын бардык шарт түзүлгөн сайын жалакай болгон жарандар оңой оокатка көбүрөөк ыктап жатканы тынчсыздандырарын кошумчалады. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан