Кылычбек Токтогулов башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 14-мартта президенттик аппараттан билдиришти. Айта кетсек, буга чейин башкы прокурордун биринчи орун басары болуп иштеп келген Темирбек Бекмаматов 13-мартта кызматтан бошотулган.
К.Токтогулов буга чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеп келген.