Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун каза болгонуна байланыштуу мамлекет жетекчилиги анын жакындарына көңүл айтты. Көңүл айтуу катынын мазмуну төмөнкүдөй:
"Кыргыз Республикасынын коомчулугу оор жоготууга учурады. 2015-жылдын 13-мартында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, кыргыз өлкөсүнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, эркин күрөш боюнча СССРдин Спорт чебери Саралинов Мурат Назарбекович 53 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.
Мурат Саралинов 1961-жылы 22-майда Ысык-Көл облусунун Ананьев айылында туулган. 1978-жылы Н.К.Крупская атындагы спорттук багыттагы Республикалык мектеп-интернатын аяктаган. 1982-жылы Самарканд кооперативдик институтун соода экономикасы адистиги боюнча бүтүргөн. Мурат Саралинов институтту аяктагандан кийин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Эмгек жолун Фрунзедеги “Кыргыз керек-жарак союзу” кооперативдик техникумунда баштаган. 1986-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМинин экономиканы уюшкан кылмыштуулуктан коргоо боюнча бөлүмүнүн оперкызматкери, башчысы болуп иштеген. Андан кийин фискалдык органдарга иштөөгө өткөн. Бишкектин Мамлекеттик салык инспекциясынын Салык полициясынын бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген.
Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясын жетектеген. 2003-2004-жылдары Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болуп иштеген. 2005-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын жетектеген. 2006-жылдын мартында Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланган. 2008-2010-жылдары “Газпром Азия” ЖЧКнын башкы директорунун орун басарынын кызматын ээлеген.
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган. 2014-жылдын июнунда Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп экинчи мөөнөткө шайланган. Мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти бекемдөөгө, кылмышка каршы күрөшүүгө кошкон зор салымы үчүн Мурат Саралинов Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгеги бааланып, 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган. Азиялык Олимпиада кеңешинин Алтын орденинин ээси.
Азиялык Олимпиада кеңешинин комитетинин мүчөсү катары Азия өлкөлөрүнүн спорт коомчулугунда кадыр-баркы жана бедели бийик болгон. Мурат Саралинов кыска, бирок өрнөктүү өмүр сүрдү. Ал Кыргыз Республикасынын спорттук ийгиликтерге жетүүсүнө чоң салым кошту. Анын Ата Мекенге жана элге чын дилден өтөгөн кызматы үлгү болуп саналат. Мурат Саралинов кыргыз элинин мыкты уулу эле. Мамлекеттик жана коомдук ишмер, олимпиадалык кыймылды жана спортту өнүктүрүүнү жигердүүлүк менен колдогон инсан, жакшы адам Мурат Саралиновдун жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат".
Атамбаев А.Ш., Жээнбеков А.Ш., Оторбаев Ж.К., Жамашева Ф.З., Нарымбаев Д.И., Турсунбеков Ч.А., Кулов Ф.Ш., Текебаев Ө.Ч., Жолдошова Ж.А., Сабиров М.Э., Алымкожоев А.Т., Ниязалиева Д.А., Ниязов Ф.А., Осмоналиев К.О., Максүтов А.А., Кудайбердиева Г.К., Муратов А.А., Эргешов К.К., Исаев К.К., Каптагаев Э.С., Кулматов К.К., Кудайбергенов Б.Ж., Жунусов А.О., Коёналиев Т.К., Абдылдаев Б.Э., Аманкулов К.М., Воинов А.Х., Осмоналиев К.О., Кошалиев М.Б., Мамытов С.К., Кыбраев М.А., Садыров А.Б., Жогина И.А., Майназаров У.М., Миңбаев Д.А., Касенов Э.А., Бегалиев К.К., Түмөнбаев Р.С., Шадиев А.А.
Эскерте кетсек, М.Саралинов 13-мартта жүрөк оорусунан каза болгон. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 15-мартта саат 10:00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот.