Президент Алмазбек Атамбаев Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көптөгөн курмандыктарды алып келген Казань шаарындагы соода борборунда болгон кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
“Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан сөздөрүмдү, ошондой эле жапа чеккендердин бардыгына тезирээк сакайып кетишин каалагандыгымды билдирип коюуңузду өтүнөм”,- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Кошумчалай кетсек, Казань шаарындагы болгон кырсыкта жалпы аянты 4 миң чарчы метр соода борбору толугу менен күйүп кеткен. Анда каза тапкан 4 жарандын бири кыргыз улутунан экени да маалымдалган.