Жылдызкан Жолдошова Ак үйдүн тосмосун алып салууну сунуштады

Депутат Жылдызкан Жолдошова парламенттин бүгүнкү жыйынында "депутат Камчыбек Ташиев психикалык жактан оорулуу" деп тыянак чыгарылганына жана анын тегерегиндеги иштерге кабатыр болуп жатканын жар салды. "Ар бир депутат өзү үчүн жооп берет. Биз кайсы депутаттын кандай былык иштерди жасаганын жакшы билебиз. 7-апрелде 87 бала каза болду. Ошолордун өлүмүнө катышы барлар камалбайт да, анан эмнеге Ак үйдүн короосун ашып өтүп койгон Камчыбек Ташиев камалып, мазакталышы керек?! Керек болсо Ак үйдүн тосмосун алып салыш керек. Дүйнөдө көпчүлүк мамлекеттерде президент, депутаттар отурган жерде короо, тосмо жок",- дейт эл өкүлү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан