Ысык-Көлдүн жээгиндеги тосмолорду алдыртуу демилгесин кароону парламент комитети артка жылдырды

Ысык-Көлдөгү эс алуу жайлары жайгашкан жердеги тосмолорду алдыруу демилгесин парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 16-мартта артка жылдырды. Буга президенттин парламенттеги өкүлүнүн өтүнүчү себеп болду.
Эскерте кетсек, буга чейин парламент жыйындарынын биринде депутат Данияр Тербишалиев "Ысык-Көлдөгү эс алуу жайлары жайгашкан жердеги көл жээги 100 метрге чейин тосулбай, жергиликтүү жашоочулар эркин кирип-чыгып турууга укуктуу" деген пикирин айткан
Депутат бул маселе боюнча көл жээгиндеги пансионаттардын ээлери менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы пикир келишпестиктер токтобой жатканын билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан