Баткендин тургундары колдонулбай жаткан газ түтүктөрүн суу жеткирүүгө колдонууну суранышууда

Бүгүн, 16-мартта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында Баткен облусунун тургундары аймакта колдонулбай жаткан газ түтүктөрүн суу жеткирүүгө колдонууну суранышты.

Тургундардын бири Мурат Жураевдин айтымында, аталган газ түтүктөрүнүн жалпы узундугу 124 чакырым. "Баткенде суу көйгөйү курч, 5 айылда суу жок. Бош жаткан түтүктөрдү ушул маселени чечүүгө багыттасак жакшы болмок. Бул түтүктөр Советтер Союзунун убагында салынган. Чек аралар белгиленген соң түтүктөрдүн айрым бөлүктөрү кыргыз жеринин аймагында калган. Бул түтүктөрдүн баасы 1 миллиард 800 миллион сомго барабар",- деди Жураев.

Талкуу жыйынтыгында парламент комитети түтүктөрдү темир катары сатууга тыюу салуу жана максаттуу колдонууну көзөмөлгө алуу боюнча өкмөткө тапшырма берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан