Парламентте бүгүн, 16-мартта кыргыз мамлекетинде сот реформасын жүргүзүү алкагында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун топтомун талкуулоого арналган тегерек стол өтүүдө. Депутат Токтогул Туманов жаңы долбоорлордун башкы максаты кылмыш-жазыктык кескин чаралардан баш тартып, соттолуучуларга таасир этүүнүн натыйжалуу механизмдерин киргизүү, аларды эл аралык укук ченемдерине шайкеш келтирүү экенин белгиледи. "Сот реформасынын негизги багыты – азыркы учурда иштеп жаткан административдик, кылмыштык, процесстик мыйзамдарды, ишти сотко жөнөтүү маселелерине байланышкан мыйзамдарды өркүндөтүү",- дейт Туманов.
2013-жылдын февралында мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунун үстүндө 6 жумушчу топ иштегенин кошумчалаган депутат буларды билдирди: "Жаңы Кылмыш кодексинин негизги багыты - кескин чараларды колдонуу ыкмасынан кайтып, күнөөкөрдү эркинен ажыратуунун альтернативдүү чараларын киргизүү".