Жайыттарды башкарууну жакшыртууга багытталган макулдашуунун долбоору парламент комитетинде колдоо тапты

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 16-мартта Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу" долбоору үчүн гранттык макулдашуунун долбоорун карады.

Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, долбоордун максаты жеке ветеринардык кызматтар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу аркылуу жайыттарды жана мал чарбасын жамааттык башкарууну жакшыртуу болуп саналат. "Долбоордун алкагында 487 500 доллар негизги аткаруучулардын потенциалын өнүктүрүү үчүн техникалык жана консультациялык жардамдарды көрсөтүүгө багытталган",- деди Керималиев.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан берилген сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоору колдоого алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан