“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары 14-мартта Нарындын Ак-Талаа районунда жолугушуу өткөрүштү. Жыйында фракция лидери Өмүрбек Текебаев 2010-жылкы революциянын локомотиви Нарын менен Таластын эли болгонун белгиледи.
"Нарындыктар ошондо
тоолуктардын улуу мүнөзүн көрсөтүп чечкиндүү кадамдарды баштап бербегенде
азыркыдай ийгиликтер болмок эмес. Коомдогу адилеттүүлүктү орнотуу жана теңсиздикти жоюу - негизги
милдеттерибиздин бири. Теңчилик болбогон жерде эч убакта акыйкатчылык, чындык
болбойт",- деди Текебаев.
Түндүк-түштүк кошумча унаа жолунун Ак-Талаа жерине пайдасы тиерин айткан депутат башка долбоорлор боюнча буларды кошумчалады: "Ак-Талаа
районунун аймагы аркылуу Кытай-Кыргызстан темир жолунун өтүшү райондун калкы үчүн көптөгөн иш орундарын түзүү менен жарандардын Иран-Пакистан, Европага чейин барышына,
ишкерлик менен алектенүүсүнө шарт түзөт”.