Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы жана анын орун басары шайланды

Өткөн аптада Жалал-Абад облустук сотунун судьяларынын жыйыны болду. Анын жүрүшүндө Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы болуп Шаршенбек Камбаров, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары болуп Шералы Жакыпбаев шайланды. Бул тууралуу 16-мартта Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облустук сотунун мурунку төрагасы К.Жапакбаев ден соолугуна байланыштуу Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын кызматынан бошотуу тууралуу арыз жазган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан