Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Баткен шаарынын жана Баткен районунун тургундары менен жолугушууда "Азыркы тапта 310 миң аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекеттен жардам алат. Бирок жөлөк пул алуучулардын саны барган сайын кыскарууда" деп билдирди. Бул тууралуу 16-мартта мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын айтымында, 2012-жылга салыштырмалуу социалдык жардам алгандардын саны 33 миң балага кыскарган. Жөлөк пул алгандар компьютердик маалымат системине киргизилип, жардам алуучулар тууралуу маалымат базасы түзүлгөн. Ошондой эле үй-бүлөдөгү кирешелерге карата социалдык төлөмдөрдү кыскартуу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөн. Жолугушууга ЖКнын депутаты Улукбек Кочкоров, Социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер катышышты.