Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолу көчүп түшкөн кардан тазаланды

Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолу кар көчкүдөн тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 16-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолунун 45-47-чакырымында болжол менен 500 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолу бүгүн саат 08:30 чамасында убактылуу жабылган. Тазалоо иштерине ЖЭМ-18 тарабынан 1 бульдозер тартылып, саат 10:00дө унаа жолу толугу менен тазаланып ачылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан