Путин, Лукашенко жана Назарбаев Астанада 20-мартта жолугушат

20-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен Беларусь, Орусия жана Казакстандын башчыларынын жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Астана шаарында өтөт. Анда президенттер 3 мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүүсүнүн абалын жана перспективаларын талкуулашмакчы. Мындан тышкары тараптар орчундуу эл аралык маселелер, айрыкча Украинадагы кырдаал боюнча пикир алмашышат. 

Айта кетсек, аталган жолугушуу 12-13-мартка пландалган болчу, бирок айрым себептерден улам артка жылдырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан