16-мартта Санкт-Петербург шаарында президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушту.
Орусиянын президенти эки тараптуу соода-экономикалык маселелер талкууланарын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык аймакка кирүү процесси сүйлөшүлөрүн айтты. "Биз бул боюнча көп жолу сүйлөшкөнбүз, ошентсе да Кыргыз Республикасынын экономикасы Орусия, Казакстан, Беларусь, Армениянын экономикасына ыңгайлашуусу керек. Албетте, бул чечиле турган маселе. Канчалык эрте ишке ашырсак, ошончолук жакшы болот",- деди Путин.
Алмазбек Атамбаев чогулган маселелерди талкуулоого бул жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгилеп: "Ушактар аз болуш үчүн сиздин уруксатыңыз менен кошумчалап кетсем. Азыр эле Владимир Владимирович унаанын рулуна өзү отуруп сарайдын аймагында айдап жүрдү. Мен өзүм жөнүндө айың кептерди көп угам, өзүңөр көргөндөй, баары эле туура эмес. Орусиянын президенти басып эле жүрбөстөн, конокторду салып машина айдап жүрөт",- деди.
Ал эми Владимир Путин "ушактарсыз кызыксыз болмок" деди.