Жоомарт Оторбаев: "Мамлекеттик компанияларды чыныгы кесипкөйлөр башкаргыдай кылабыз"

“Мамлекеттик үлүшү бар чарба коомдорунун Директорлор кеңешинин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлүгүнө жана катчылык кызматына талапкер кадрлардын резервин уюштуруу жана пайдалануунун жаңы принциптери жөнүндө” өкмөттүн токтомуна кол коюлду. Токтомго ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу Кадрлар резервин уюштуруу боюнча ведомство аралык комиссиянын ыйгарым укугу кеңейтилет. Кадрлар резервин уюштуруу жана талапкерлерди тандоо боюнча бардык процедуралар регламенттештирилип, ачык жарыяланат. “Өлкөдө мамлекеттик менчикти башкаруу сапатын принципиалдуу түрдө жакшыртууну, профессионалдуу кадрлардын дайындалышынын ачык-айкындуулугуна жетишүүнү, мамлекеттик корпорацияларды жана мүлктү башкаруунун натыйжасынын туура бааланышын жана так жоопкерчиликти киргизүүнү каалайбыз. Мамлекеттик компанияларды башкарууга чыныгы кесипкөйлөрдү тартууга реалдуу мүмкүндүк берген принциптерди чечкиндүү түрдө киргизебиз",- деди премьер-министр Жоомарт Оторбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан