Бишкектин көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген жана мыйзамсыз илинген 35 даана көрнөк-жарнак алынды

12-февралда жүргүзүлгөн рейд учурунда шаар көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген жана мыйзамсыз илинген 35 даана көрнөк-жарнак алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Рейд учурунда шаардагы Шабдан баатыр, Байтик баатыр, Ахунбаев көчөлөрүндөгү жана Жибек Жолу проспектисиндеги көрнөк-жарнактар алынды. Бул иш-чара “Тазалык” ишканасынын, Бишкек шаардык жарнама департаментинин жана мамлекеттик тил комиссиясынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү. Айта кетсек, мындай рейддер шаардык мэриянын “Бишкек шаарынын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу чаралары” токтомунун негизинде уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан