Бүгүн, 13-февралда Бишкек мэри Иса Өмүркулов “Экспорттук кредиттерди жана инвестицияларды камсыздандыруу боюнча орусиялык агенттигинин” башкы директору Петр Фрадков менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга вице-мэр Мурат Исмаилов, Бишкекти өнүктүрүү боюнча агенттигинин жетекчиси Тилек Жээнбаев, Орусиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Владимир Некрасов дагы катышты.
Жолугушууда тараптар орусиялык инвестицияларга кепилдик тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Өз кезегинде шаар башчысы каржылоого муктаж тармактарды белгиледи. Өмүркуловдун айтымында, көп кабаттуу үйлөрдөгү лифттерди калыбына келтирүү, троллейбустарды жана атайын техникаларды сатып алуу үчүн каржылык жактан колдоо керек.