Каракол шаарында көп балалуу энелерге Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы тапшырылды

Каракол шаарында көп балалуу энелерге Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, аталган медаль-ордендер шаарда жашаган көп балалуу энелерге тапшырылды. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 17-майындагы №107-жарлыгына ылайык, жергиликтүү тургундар М.Айылчиева, У.Исаева, М.Кадырова, Ж.Касмакунова, Л.Полтавская, Г.Арипова, А.Асанбаева, У.Бектенова, Ж.Молдоюсупова, К.Сейитказиева, Б.Сулайманова, У.Таирова, М.Түкөбаева, Б.Шакенбаевага Баатыр эне ордендери, ал эми А.Мурзакматова аттуу энеге Эне даңкы медалы ыйгарылды. 
Энелерди мамлекеттик сыйлыктары менен Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Көлбай Карасартов жана аппарат жетекчи Рыспек Кыштообаев куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин айтышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан