Украинанын чыгышында согушуп жаткандардын арасында 17 кыргыз жараны бар. Бул тууралуу “Украинанын Луганск аймагындагы согушка катышып келдим” деген кыргыз жараны жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине билдирген.
Ошондой эле ал аны менен бирге 10го жакын бала Украинага өз эрки менен кеткенин жана алардын экөө каза тапканын айткан.
Бул маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы тастыктаган жок.
“Бизде Украинанын чыгышында согушуп жаткан кыргыз жарандары боюнча эч кандай маалымат жок. Бул кандайдыр бир провокация болушу мүмкүн”,- деди УКМКнын басма сөз кызматы.