"Кыргыз тилин өнүктүрүү керек" деп миллиондогон акчалар мамлекет тарабынан жумшалат, “кыргыз тилин билбейсиң, үйрөн” деп эки жаат болуп кооомчулук чырдашат. Ал эми жөн гана өзүн, жашаган өлкөсүн, мамлекетин сыйлап, тилин үйрөнүп, анын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан көмүскөдөгү адамдар арбын. Алардын катарын Түркиянын Стамбул шаарынан Бишкекке окууга келген Юсра Исенч да толуктайт.
Эсиңиздерде болсо “Мен үчүн кыргыз тили маанилүү” деген түрк кызы Юсранын видеосу социалдык баракчаларда коомчулукка желдей тараган. Ал SUPER.KG порталына маек куруп, тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусу, кыргыз маданияты жана аны шыктандырган табият боюнча ойлору менен бөлүштү.
- Саламатсызбы, Юсра айым! Кыргызстанга келгениңизге канча убакыт болду?
- Саламатсызбы! Өзүм Түркиянын борбору Стамбулдан болом. Мен 2024-жылы Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетине билимимди жогорулатуу максатында окууга тапшырып, сентябрда Кыргызстанга келдим. Учурда социалогия факультетинде аспирантурада окуп жатам. Түркияда бул билим даражасын доктарантура деп коёт. Окууларым жакшы уланып жатат. Азыр бул өлкөгө көнүп калдым. Мага абдан жакты. Жалпы эсеп менен алганда, Кыргызстанга келгениме 8 айдын жүзү болду.
- Кыргызстан кандай өзгөчөлүктөрү менен сизге жакты?
- Ким гана болбосун өзү туулуп өскөн аймактан башка жакка барып көнүп кетүүсү кыйын болот. Калыптанууга убакыт талап кылынат. Кээде тамагы, айлана-чөйрөсү организмге жакпай, ал өлкөнү тандап алганыңа өкүнүп, эртерээк кетүүгө шашасың. Бирок мен Кыргызстанды тандап, ушул өлкөгө келип окуп жатканыма сыймыктанам. Жаратылыштын кооздугу, адамдардын өзгөчө меймандостугу, жардамга кол суна билгендиги мага абдан жакты.
Анан да каада-салттары, кооз кийимдери менин жүрөгүмдөн өзгөчө орун алды. Айлана-чөйрө кооз, жаратылыштын натуралдуулугу мени суктандырды. Жасалмалуулук жок. Баары нукура. Мөмө-жемиштердин, өзгөчө алманын даамы оозумдан кетпейт. Үй жаныбарларынан жылкы мага абдан жагат. Кыргызстандыктар жылкыга өзгөчө маани берип, таптайт экен.
- Сиздин "Мен үчүн кыргыз тили манилүү, анткени мен Кыргызстандамын" деп айткан видеоңуз коомчулуктун алкоосуна татыды. Качан кыргыз тилин үйрөнүш керектигин сездиңиз? Жалпы канча убакыт кетти?
- Түркияда мамлекеттик тилге болгон мамиле жогорку деңгээлде. Бизде туулгандан өмүрүңдүн акырына чейин түрк тилинде сүйлөп, ошол тилде иштеп, окуп, нан табасың. Айтор, эне тилде сүйлөш керекмин деген ар бир жарандын милдети. Аны башка улуттун өкүлдөрү да туура кыбыл алып, түрк тилинде баарлашат. Бул нерсе мажбурлоо эмес, мен муну улутка, мамлекетке болгон сый-урмат деп билем. Мен бул жакка келгенде эле адамдар менен баарлашуума кыргыз тили керек экендигин сездим жана да үйрөнүп кетишиме көзүм жетти. Сентябрда Бишкекке окууга келген болсом, декабрга чейин кыргыз тилин өздөштүрүп калдым. Анан 5 ай аралыгында В2 деңгээлинде окуп бүтүп, С1ге өтүп баштадым. Бул арада кыргыз тилинен сынак болуп, жогорку баа менен тапшырып, ийгиликтүү болду.
- Кыргыз тилин үйрөнүү оңой болдубу?
- Жок, эч бир тилди үйрөнүү жеңил болбойт. Алгач сенде кызыгуу болуш керек. Менин кыргыз тилге, улуттук каада-салттарга болгон кызыгуум күч болду. Анан кыргыз тилин үйрөнүп кеттим. Биздин тилден грамматикасы, тамгалары ар башка болсо да, кээ бир сөздөрдүн аталышы түрк тилине окшошуп кетет экен. Бирок дагы да үйрөнө турган нерсем өтө көп. Азыр кыргыз тилинде укмуш сүйлөп калдым дебейм. Окуумдагылар мени менен түрк тилин практика кылса, мен аларга кыргыз тилинде сүйлөгөнгө аракет кылам. Көпчүлүк учурда көчөдө эл менен кыргыз тилинде баарлашам.
Анан мени бир учур абдан таң калтырды. Эмнеге көпчүлүк кыргыздар эне тилинде сүйлөшпөйт? Менин түшүнүгүм боюнча, СССРдин курамында турган өлкөлөр орус тилин бирдиктүү тил катары колдонуп келишкен. Ошого көпчүлүк кыргыз тилин билбей калышы мүмкүн. Бирок андан бери 30 жылдан ашпадыбы? Ойлоно турган маселе экен, ээ? Болгону мен адамдар менен кыргыз тилинде баарлашайын дегенде, орус тилинде сүйлөп туруп алышат. Мага да ыңгайсыздык жаралып калат. Башка тилди билүү жакшы, бирок эне тилде сүйлөө маанилүү.
- Кыргыз тилин үйрөнөм деген башка улуттун өкүлдөрүнө кандай кеңеш бересиз?
- Кыргызстанда жашап, билим алып жаткан соң алардын каада-салтын урматтап, тилин үйрөнүү манилүү деп эсептейм. Кыргыздын жакшы бир макалы абдан жакты. Ал "Канча тил билсең, ошончо дил билесиң" деген. Ушул накыл кепке кошулам. Канчалык көп тил билсең – дүйнө таанымың кеңейип, досторду арттырасың, саякаттайсың. Анан да тил билгендигиң үчүн ошол элден сага деген өзгөчө сый болот. Ал айтылбаса да сага кылган мамилесинен сезилип турат. Жогоруда айтып өткөндөй, кызыгууң жакшы болсо, тил үйрөнүү маселе жаратпайт.
- Юсра айым, жогоруда кыргыз макалын эске салып өттүңүз. Өзүңүз канча тилде эркин сүйлөйсүз?
- Мен негизи тил үйрөнүүгө жакшы маани берем. Андыктан кызыгуум артса үйрөнүп кетүүмө эч нерсе тоскоол боло албайт. Мен азыр түрк тилинен тышкары араб жана англис тилинде эркин сүйлөйм. Алардын катарын эми кыргыз тили да толуктады. Эми кийинки жылдан тарта орус тилин үйрөнсөмбү деп турам. Бирок азыр кыргыз тилин толук кандуу үйрөнүп, эркин сүйлөп калган соң анан аны пландаштырам. Азыр бул жөн гана ой-максаттар.
- Түрк эли менен кыргызстандыктардын окшош жактары бар бекен? Байкай алдыңызбы?
- Көп эмес. Бирок түрк тилдүү мамлекет болгондуктан кайсы бир учурларда окшоштуктар байкалды. Мисалга алсак, биз да, кыргыз эли да Нооруз майрамын өзгөчө белгилейбиз. Маани беребиз. Бирок бизде ал күн жумушчу күн болуп саналат. Силерде болсо эс алуу күн болуп жарыяланып, Бишкектин борбордук аянтында чоң салтанат өткөрөт экенсиңер. Мага улуттук баалуулуктарды, ата-бабалардын салтын улап келе жатканыңар суктандырды.
Анан да улуттук баш кийим күнүн белгилөө өзгөчө эсимде калды. Ак калпак кийип, кыргыз жигиттери улуттук кийимдерди даңазалашканы кандай сонун көрүнөт. Өзгөчө мага окшоп алыстан келген чет элдиктерге жергиликтүү элдин каада-салтын түшүнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Түрк эли да кыргыздар сыяктуу өз маданиятыбызга чоң маани беребиз.
- Юсра айым, маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошуп жүрө бериңиз.