2012-жылы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы товар айландыруунун көлөмү 140 миллион сомду түздү

2012-жылы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы товар айландыруунун көлөмү 140 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда аталган эки мамлекеттин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча кыргыз-герман эксперттик тобу менен болгон жолугушууда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Айтымында, жогоруда аталган сумма эки тараптуу мамилелердин бардык деңгээлин көрсөтпөйт. “Биз соода-экономикалык кызматташуу тармагын өнүктүргүбүз келет. Мамлекеттерибиз бири-биринен алыс жайгашкандыктан, ошондой эле Кыргызстандын деңиздерге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, эки тараптуу соода жүргүзүү потенциалы чектелүүдө”,- деди Оторбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан