Аида Салянова: "Талап-тоноо фактысы боюнча «Ата-Мекендин» 4 депутатынын айыбын угузууга далил жетишсиз"

7-апрель окуясындагы талап-тоноо фактысы боюнча «Ата Мекен» партиясынын 4 депутатынын айыбын угузууга далил жетишсиз. Бул маалыматты бүгүн, 13-февралда ЖКнын жыйынында Башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Айтымында, «Ата Мекен» партиясынын төрт депутатынын 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноочулукка катыштыгы боюнча иштин бир бөлүгү токтолуп, бир бөлүгү уланууда. Аида Салянова бул иш боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы тергөө ишине негиз болбой турганын да кошумчалады. "Комиссиянын иш жыйынтыгын карап, окуп чыгабыз. Бирок ал бизге далил катары колдонулбайт",- деди Башкы прокурор. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан