Биз социалдык тармакта

Ноокатта өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү

Ноокат районунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, март айында Ноокат районунун Жайылма, Додон, Меркит, Беш-Буркан, Арык-Бою, Челекчи айылдарындагы кооптуу аймактарда жашаган калк арасында турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери жана коопсуз жүрүм-турум эрежелери боюнча сабактар өттү. Окутууга мектеп мугалимдери жана окуучулар, жергиликтүү Жарандык коргоо кызматтары жана айыл аймактын өкүлдөрү катышышты. Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына өзгөчө кырдаалдар учурундагы жүрүм-турум эрежелери боюнча материалдар таратылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан