ЖКдагы азчылык коалициянын депутаттары 7-апрелдеги талап-тоноо фактысы талкууланып жаткан жыйынга катышпай, залдан чыгып кетишти

Бүгүн, 13-февралда ЖКнын жыйынында азчылык коалицияны түзгөн "Республика" жана "Ата Журт" фракциясынын депутаттары 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноо фактысы каралып жаткан жыйынга катышпай тургандыгын айтышып, залдан чыгып кетишти. “Депутаттардын суранычы менен аталган окуяга байланыштуу комиссиядагы видеотасмаларды бүгүн бул жерден чогуу көрсөк болмок. Бул окуя боюнча түзүлгөн комиссиянын 6 мүчөсү коалициялык көпчүлүктөн, ал эми төртөө коалициялык азчылыктан дайындалып, коалициялык азчылыктын депутаты жетекчилик кылыптыр. Бүгүн комиссиянын төрагасынын эмгеги бааланбай, ар кандай сын-пикирлер айтылып өттү. Биз парламенттин, элдин алдында тазабыз, ошондуктан биз мындан аркы талкууга катышпай эле коёлу деп чечтик. Көпчүлүк коалициясына кеңири талкууга алганга мүмкүнчүлүк түзүп бергенибиз туура болот”,- деди "ата журтчу" Мыктыбек Абдылдаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан