Жалал-Абадда кылмыштуулуктун алдын алуу максатында бир айлык жарыяланды

Жалал-Абад шаарында 17-апрелге чейин "Тартип" аталышындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, аталган бир айлыктын алкагында күч органдарынын кызматкерлери аймакта жашаган жарандарды жашаган жери боюнча каттоого алат. Андан сырткары аймакка келип-кеткен жарандар тууралуу да маалымат такталмакчы. 
Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чаранын негизги максаты кылмыштуулукту азайтуу жана алдын алуу болуп саналат. Айта кетсек, иш-чара 17-марттан бери жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан