Асия Сасыкбаева ЖАМКнын жетекчиси Зарылбек Рысалиевге "телевизордон чыгып айкыра бербеңиз" деди

Парламенттин бүгүнкү, 13-февралдагы жыйынында 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноо фактысы боюнча депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы тууралуу маселе каралууда. Жыйында депутат Асия Сасыкбаева ЖАМКнын төрагасы Зарылбек Рысалиевге "Юсупов тергөө учурунда министр Рысалиев 7-апрелдеги талап-тоноого катышкан деп айтты эле, кайсы учурда кайсы мекемелерди тоногонсуз?" деген суроо берди. Рысалиев "Юсупов мага каршы көрсөтмө берүү боюнча сунуш болгонун, бирок ал мени тааныбагандыктан, көрсөтмө берүүдөн баш тартканын айткан" деди. Ал эми Рысалиевдин жана Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри Алиясбек Алымкуловдун 7-апрелдеги талап-тоноого катыштыгы бар деген маалымат болгонун аталган окуяны иликтеген ИИМдин тергөө тобунун жетекчиси билдирди. Мындай маалыматтан соң Сасыкбаева Рысалиевге "көрдүңүзбү, камактагы Абдулла Юсупов башка адамдарга да ушинтип буюртма, көрсөтмө бербейт деп кепилдик бере албайсыз, анан телевизордон чыгып алып айкырасыз" деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан